“Facebook” жарнамадан 11,7 млрд доллар пайда тапты

27-Апр. 2018, Жума, 12:05

“Facebook” компаниясынын сейрек сатылышы 50 пайызга артты, бул жетиштик акыркы учурларда компания атына жабылган каралоолорго карабастан болуп жатат. Компаниянын берген маалыматы боюнча, акыркы үч айда киреше 11,9 млрд долларга өскөн. Былтыркы жылкы пайда 8 млрд долларды түзгөн болчу. Бул тууралуу “ВВС” басылмасы билдирет.

Компаниянын башкы директору Марк Цукерберг: «Биздин алдыбызда маанилүү тапшырмалар турганы менен, 2018-жылы биздин компания алдыга карай кадам таштады”,- деди.

“Facebook” жарнамадан акыркы үч айда 11,7 млрд доллар түшкөнүн кабарлады. Былтыркы жылы январь-март айларында бул көрсөткүч 7,8 млрд долларды түзгөн эле. Алгачкы чейректеги пайда 4,9 млрд доллар болуп, былтыркы 3 млрд доллар көрсөткүчүнөн ашып түшкөн.

Эскерте кетсек, Трамптын шайлоо алдында компаниясына кызмат көрсөткөн «Cambridge Analytica» компаниясы «Facebook» желесиндеги 87 миллион адамдын жеке маалыматтарын уруксатсыз пайдаланды деп айыпталып жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!