“Apple” компаниясынын капиталы 931 млрд доллардан ашты

5-Май 2018, Ишемби, 10:59

Уоррен Баффеттин “Berkshire Hathaway” компаниясы “Apple”ден дагы 75 миллионго акция сатып алганы тууралуу маалымат чыкты. “Nasdaq” биржасындагы соода-сатык учурунда “Apple” акциялары 183,87 АКШ долларына жетип, көрсөткүчтөрү максимум деңгээлди жаңыртты. Бул тууралуу “kommersant.ru” маалымдайт.

Москва убакыты менен 21:14тө “Apple” компаниясынын жөнөкөй акциялары 183,49 долларга бааланып, 3,73 пайызга кымбаттады. Ишкананын капиталы 931 миллиард доллардан ашты.

Ошону менен бирге, “CNBC” каналы жума күнү Баффеттин компаниясы “Apple”деги үлүшүн арттыра тургандыгын маалымдады.

“Berkshire Hathaway” мурун “iPhone” өндүрүүчүсүнүн 170 миллион акциясына ээ болгон. Акыркы келишим “Berkshire Hathaway” компаниясына “State Street Corporation”ду ашып, “Apple”дин үчүнчү ири инвестор болушуна мүмкүндүк берди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!