“YouТube”га эң биринчи жүктөлгөн видео кайсы?

8-Май 2018, Шейшемби, 09:44

Ушундан 13 жыл мурун, 2005-жылдын апрель айында “YouТube”да эң алгачкы видео жарыяланды. Ал «Мен айбанаттар багындамын» деп аталат. Тактап айтканда, Жабед Керим атуу жаш жигиттин айбанаттар багына барганда тартылган. Бул видео 2005-жылдын 23-апрелинде жарык көргөн. Аталган желеде, ушул убакыт аралыгында 48 миллиондон ашык адам көргөн экен бул видеону.

Ал кезде Жабед Керим “PayPal” менен жумуш иштеп, азыркы убакта баарына белгилүү “YouTube”ду өнүктүрүүгө ат салышууда. Ал аталган видеохостингдин куруучулары Чад Херли жана Стив Чен менен кездешип, компаниянын кеңешчиси болуп кызмат аткарып калат. Кийин платформага видеону жүктөгөн алгачкы колдонуучу катары тарыхта калды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!