“WhatsApp”та смартфонду катыра турган смс тароодо

8-Май 2018, Шейшемби, 14:10

“WhatsApp”тын көпчүлүк колдонуучулары смартфонго келип жаткан смс катка арызданышууда. Аны ачкан кезде смартфон катып, бир топко иштебей калып жатат. Бул тууралуу “MensXP” маалымдайт.

Андагы катты ачкан кезде смартфон убактылуу катып калаары жазылган.

“Бул кара кнопканы бассаңыз сиздин телефонуңуз катып калат, ишенбесеңиз басып көрүңүз”,-деп жазылган катта. Каттын аягында бир нече “пробел” турат. Бул кандайдыр бир көрүнбөгөн белгилер мессенджердеги көйгөйдү чыгарууда.

Эгер “Android” смартфонунун ээси “пробелди” баскан кезде автор эскерткендей смартфон катып калат. Аны чечиш үчүн телефондун өчүрүп күйгүзүү керек. Бирок ошол эле учурда бул “iOS” смартфондору үчүн иштебейт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!