“WhatsApp”тын жаңы функциясы убакыт үнөмдөйт

10-Май 2018, Бейшемби, 12:43

“WhatsApp” мессенджеринде жаңы функция ишке кирди. Анда “Instagram” жана “Facebook” ичине киргизилген видео колдоосу пайда болуду. Бул тууралуу “Новости Hi-Tech” билдирет.

Эми колдонуучуларга башка колдонуучу жиберген шилтемени көрүш үчүн чаттан чыгуунун кереги жок. Видео «Сүрөттөгү сүрөт» режиминде колдонмосунда түз көрсөтүлөт. Колдонуучу көргөн кезде досторуна кабар жиберүүнү уланта алат. Жаңы функция “iOS” жана “Android” түзүмдөрү үчүн кол жетимдүү. Аны колдонуу үчүн программанын акыркы үлгүсүн жүктөп алууңуз керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!