“iPhone” смартфонундагы акыркы өзгөрүүлөр

“iPhone” смартфонундагы акыркы өзгөрүүлөр
20-Июль 2018, Жума, 11:58

Дүйнөдөгү эң кымбат бренд аталган “Apple” компаниясы өз өндүрүшүндө түрдүү өзгөрүүлөрдү жасап жатат. ММК өкүлдөрү бул жаңылыктарды дүйнөнүн төрт бурчуна таратып турушат. Жакынкы убакта чыга турчу үч түрдүү "iPhone"дун экрандары көрсөтүлдү. Белгилүү инсайдер Вениамин Гескин Твиттердеги баракчасына алдыңкы убакытта жарык көрчү үч түрдүү “iPhone” смартфонунун экранын көрсөттү. Телефондордун алдынкы бөлүгүндө айтарлыктай өзгөрүү жок. Аталган түзүм "моно кабаттуу" экрандары бар – (5,8), (6,1) жана (6,5) дюйм.

Социалдык тармакта эң кымбат баа менен сатыла турчу “iPhone”дун сүрөттөрү жарыяланды. Эң кымбат баа менен сатыкка чыга турчу жаңы гаджеттин сырткы түзүлүшү “iPhone Х” смартфону менен бирдей. Тактап айтканда, "iPhone Х"тин базардагы ордун басчу бул телефон “iPhone 9 Plus” деп аталат. Баасы болжол менен 999 доллар.

Быйыл “Apple” компаниясы “Face ID” функциясы киргизилген баардыгы болуп 91 миллион смартфонду сатыкка чыгарат. Колдонуучунун бет-жүзүн сканерлөө аркылуу кулпудан чыккан телефондор быйыл белгилүү болууда. 2018-жылы ушул система менен иштеген смартфондордун баардыгы 103 миллиону сатылат. Анын 91 миллиону “Apple” компаниясынын смартфонуна тиешелүү болот. Ал эми бул технологияны пайдаланып жаткан “Android” смартфондордун жылдын аягына чейин 12 миллиону сатылат. Бул операциялык ситемада көбүнчө “Face ID” функциясын пайдаланган “Xiaomi Mi8 Explorer Edition” жана “Oppo Find X” смартфондору.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!