«WhatsApp» жиберген кабардын санын чектейт

«WhatsApp» жиберген кабардын санын чектейт
21-Июль 2018, Ишемби, 11:21

Мессенджер жалган маалыматтардын таралышына каршы күрөшүүгө өттү. Эч кандай жалган кабар жок, фейк жок. «Фейсбук» жалган жаңылыктардын таралышы менен күрөшүүнүн жаңы ыкмасын жарыялады. Ушундан кийин “WhatsApp”тын колдонуучулары бир кабарды 20 жолу гана жөнөтө алышат.

“WhatsApp”тагы бир кабар 20 гана жолу башка адамдарга жөнөтүлөт. Андан кийин система чегине жеткени тууралуу эскертүү берет. Аталган функция жалган маалыматтарды таратууга каршы күрөшүү үчүн жасалды. Баарынан кызыгы кээ бир өлкөлөрдө бул чектөө өтө катаал. Мисалы, Индияда бир кабарды ашып кетсе беш адамга жөнөтө алышат.

Жакында эле, мессенджер жалган маалыматтар менен күрөшүүдө баардык жөнөтүлгөн каттарды белгилей баштаган. Бул жол менен колдонуучу башка бирөөнүн катын жөнөтө албайт.

Эскерте кетсек, мындай функция көптөгөн социалдык тармактарда кездешет, ошондой эле “Телеграмда” да бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!