«Apple»дын тегерегинде кайрадан чуу чыкты

«Apple»дын тегерегинде кайрадан чуу чыкты
25-Июль 2018, Шаршемби, 10:04

Сингапурдук “Asahi Chemical & Solder Industries” компаниясы патентти бузганы үчүн АКШнын “Apple” компаниясына каршы сотко арыз берди.

Доогердин айтымында, “Apple” №6176947деги укукту бузган.

“Apple” корпорациясы уруксатсыз бардык электрондук өндүрүшүндө – “iPhone” смартфондорунан “iMac” компьютерлерине чейин патенттелген технологияларды пайдаланат.

Баштапкыда патент электроника өнөр жайы үчүн технологиялык чечимдерге адистешкен “H-Technologies Group” компаниясына берилген. “H-Technologies Group” компаниясы өзүн “Asahi Chemical & Solder Industries” компаниясынын укуктук мураскери деп атап келет.

Доогер “Apple” «акылга сыйарлык» сый акы төлөп берүүсүн суранып сотко кайрылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!