“Tesla” компаниясы смартфон чыгарат

“Tesla” компаниясы смартфон чыгарат
26-Июль 2018, Бейшемби, 11:31

Илон Масктын «Tesla» компаниясы дагы бир жаңы өндүрүштү колго алууда. Жакында социалдык желеде “Tesla”нын жеке смартфону жарыкка чыга тургандыгы тууралуу маалымат тарады. Кытайлык инсайдерлер желеге “Tesla” компаниясынын белгиси менен жарыкка чыккан жаңы смартфондун сүрөтүн жарыялашкан.

Ошондой эле, “GizChina” интернет басылмасы бул смартфонду Илон Масктын кызматкерлери жасап жатканын маалымдады. Бирок, аталган түзүмдүн болжол менен качан чыгаары белгисиз.

Маалыматка таянсак түзүм “Quadra” деп аталмакчы. Жарыя болгон сүрөттө смартфон «моно кабатуу» рамасы жок дисплейге ээ. Арткы бөлүгүндө компаниянын логотиби, эки арткы камерага жана динамикага арналган тор жайгашкан.

Эл аралык эксперттер Илон Масктын компаниясынын смартфон чыгарууга киришкенине анча кубанышкан жок. Анткени, “Tesla” азыркы кезде “Model 3” электр унаасын кураштыруу учуру көптөгөн кыйынчылыктарга туш болгон. Бирок, компания телефон базарын дагы бир смартфон менен толтурса эч утулбай турганына ишенимдүү.

Эскерте кетсек, 2017-жылы "Tesla смартфон чыгарат" деген дал ушундай маалымат тараган эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!