"Amazon"дун кирешеси 13 эсеге көбөйдү

30-Июль 2018, Дүйшөмбү, 15:52

Дүйөдөгү эң ири интернет-ритейлер "Amazon" компаниясынын 2018-жылдын экинчи чейрегиндеги кирешеси 13 эсеге артты. "Amazon" компаниясынын басма сөз маалыматында айтылгандай, апрель-май айларындагы таза киреше өткөн жылдын аталган айларына салыштырганда 197 миллионндан 2,5 миллиард долларга өскөн.

Киреше 40 пайызга көбөйүп, 37,96 миллиард доллардан 52,90 миллиард долларга чейин жеткен. Мындай өсүшкө ээ болушуна жарнама таасир берген.

“Amazon” компаниясынын негиздеген Джефф Безостун каржысы июль айынын аягында 150 миллиард долларга жетип, дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинде биринчи орунга чыгарды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!