“WhatsApp”та эми топ болуп коңгуроо чалууга болот

“WhatsApp”та эми топ болуп коңгуроо чалууга болот
31-Июль 2018, Шейшемби, 16:24

“WhatsApp” мессенджеринин колдонуучуларына топ болуп аудио жана видео коңгуроо жасоо мүмкүн болгон жаңы функция ишке кирди.

«Колдонуучулар күнүнө 2 млрд. мүнөттөн көп убакыт коңгуроолорго жумшашат. Бүгүндөн баштап “WhatsApp”та топ болуп аудио жана видео коңгуролорду жасоо мүмкүн экенин кубана кабарлайбыз»,-делет тиркеменин маалыматында.

“WhatsApp” мессенджер менен эң көп дегенде төрт колдонуучу топтук коңгуроого кошула алышат. Топтук чатты баштоо үчүн эң алды менен бир адамга коңгуроо чалып, андан кийин «катышуучуну кошуу» деген баскычты басуу керек.

Топтук коңгуроолор “end-to-end” шифрленет жана бул функцияны “iOS” менен “Android” операциялык системалары бар түзүмдөрдөгү мессенджердин акыркы жаңыртылган үлгүсүндө колдонууга болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!