Интернет ылдамдыгы эң жогору болгон өлкөлөр

Интернет ылдамдыгы эң жогору болгон өлкөлөр
1-Авг. 2018, Шаршемби, 14:04

Интернет сапатын баалаган британиялык “Сable” сайты интернет ылдамдыгы жогору болгон өлкөлөрдүн рейтингин жаңылады.

Биринчи орунда Сингапур, андан кейин Швеция менен Дания турат.

Төртүнчүдө Норвегия, ал эми анын артынан Румыния, Бельгия, Нидерланды, Люксембург жана Венгрия орун алган.

Адистер 200 өлкө менен 12 ай ичинде орточо ылдамдык менен беш гигабайттык фильмди жүктөө үчүн канча убакыт кетерин эсептешкен. Алардын айтуусу боюнча, жыл ичинде дүйнөдөгү интернет-байланышынын ылдамдыгы 23 пайызга өскөн. Эксперттер муну жакшы көрсөткүч деп жатышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР