“Huawei” сатылышы боюнча “Apple”ден озду

“Huawei” сатылышы боюнча “Apple”ден озду
2-Авг. 2018, Бейшемби, 10:42

Кытайлык “Huawei” компаниясы 2018-жылдын экинчи жарымында смартфондорду жеткирүү көлөмү боюнча биринчи ирет “Apple”ди басып өттү. Мындай маалыматты “International Data Corporation” (IDC) консалтингтик компаниясы келтирди. Бул тууралуу “Regnum.ru” порталы билдирет.

“Huawei” 54,2 млн смартфонду сатып жетишкен, ал эми “Apple” компаниясынын “iPhone” смартфонунун көрсөткүчү 41,3 миллионду түзгөн. Ушундайча кытайлык компания дүйнөлүк базардын 15,8 пайызына ээ болгон, америкалык компания – 12,1 пайызды түзгөн. Ага кошо “Huawei” кытай смартфон базарынын 27 пайызын ээлеп, рекорддук көрсөткүчкө кол жеткирген.

Бул сегменттеги биринчи орунга “Samsung” болду, ал 71,5 млн смартфонду сатыкка чыгарып, базардын 20,9 пайызына ээ. “Huawei” менен “Apple”ден кийин “Xiaomi” жана “Oppo” компаниялары турат.

“Apple” компаниясынын биринчи жарым жылдыкта тапкан кирешеси 53,26 млрд долларды түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылга караганда 17 пайызга жогору.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!