«Apple» рекорддук кирешеге жетти

«Apple» рекорддук кирешеге жетти
3-Авг. 2018, Жума, 10:16

«Apple» рекорддук 53,26 млрд доллар деңгээлдеги киреше тапты. Бул тууралуу компаня 2018-жылдын үчүнчү кварталынын жыйынтыгын чыгарып жарыялады.

Америкалык “Apple” компанясынын кирешеси үчүнчү кварталда 53,26 млрд долларды түздү. Өткөн жылдагыга салыштырмалуу 17 пайызга көп. Бул корпорациянын ар бир кварталдагы чыгарган отчеттунда көрсөтүлгөн.

Бул натыйжа баардык жылдардагы көрсөткүчтөрдүн эң жакшысы. Былтыркы кварталдагы отчет боюнча, “Apple” 41,3 млн “iPhone” смартфонун, 11,55 млн “iPad” планшетин жана 3,7 млн “MacBook” ноутбуктарын саткан.

“Apple”дин эң эле көп сатылган товарынын ичинде “iPhone” алдынкы орунга чыкты. Ал копаниянын кирешесин 29,91 млрд долларга көтөргөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!