“Facebook” 32 аккаунтту өчүрдү

“Facebook” 32 аккаунтту өчүрдү
6-Авг. 2018, Дүйшөмбү, 17:36

“Facebook” тармагы Россия менен байланышы бар экени болжолдонгон, АКШдагы Конгрессти шайлоо алдында коомчулукту манипуляциялоону максат кылганга шектелген 32 аккаунтту жапты.

АКШда 2016-жылы Дональд Трамп жеңишке жеткен президенттик шайлоого кийлигишкени менен айыпталган Россия ноябрь айында Американын конгрессинде өтө турган шайлоого да ушуга окшогон аракеттерди жасары айтылды.

“Facebook” аталган баракчалардагы маалыматтарды бөлүшүү аркылуу колдонуучулардын багытын, ойлорун өзгөртүүнү каалаганын белгиледи.

Ушул эле баракчалар “Facebook” жана “Instagram” тармактарына жалпы көлөмү 11 миң долларга жеткен 150 жарнама бергени айтылды. Алгачкы жарнама 2017-жылдын апрель айында, ал эми акыркысы 2018-жылдын июнь айында жарыяланганы аныкталды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!