NASA ылдам учуучу техника каражатын асманга учурду

NASA ылдам учуучу техника каражатын асманга учурду
13-Авг. 2018, Дүйшөмбү, 16:44

НАСА алгачкылардан болуп адам колунан жасалган, ылдам учуучу техника каражатын асманга учурду. Ал күн системасын айланып чыкмакчы. Американын Канаверал космос станциясынан учурулду.

Учуруу этабы эң алагач 11-августка белгиленген. Бирок, анын техникалык мүчүлүштүгүнөн улам артка жылдырылган.

Техникалык каражат жети жыл аралыгында күн системасын айланып учмакчы. Жыйынтыгында ал алты миллион километр чакырымды айланып учуп өткөн болот. Бул аралыкты мурун бир да космостук аппарат басып өтө алган эмес.

Ободо абанын температурасы 1377 градуска жетмекчи. Техникалык каражаттын корпусу көмүр кычкылы бар калкан менен жабылган. Калкандын жоондугунун диаметри 11,4 сантиметрге жетет.

Алардын максаты- күн кыймылынын активдүүлүгүн аныктоо болуп саналат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР