Жерден тышкары жашоо издеген робот курулат

Жерден тышкары жашоо издеген робот курулат
13-Авг. 2018, Дүйшөмбү, 17:19

NASA жашоого ыңгайлуу аймактарды биосигналдар аркылуу издөөчү түзүмдүн үстүндө иштеп жатат. Аталган Аэрокосмостук агенттик бул долбоордун алкагында автоматташтырылган планетардык робот түзгүсү келет. Ишти АКШнын Космостук учууларды ишке ашырган борбордун окумуштуусу Мелисса Флойд жетектейт. Ал FISHbot түзүмүнүн басма түрүндөгү 3D вариантын иштеп чыкты. Милдети Марс жана башка Күн системасындагы башка объектерден бактериалардын бары жогун аныктоо болуп саналат. Башка планетадагы жашоону издөөчү роботтоштурулган Флойд түзүмү түрдүү шарттарда жашап келген, бир клеткалуу микроорганизмдердин тобуна кирген бактерияларды аныктайт. Булар Жерде 4 миллиард жыл мурда пайда болгон эң алгачкы организмдер болуп саналат.

Жерде бир грамм кыртышта 40 миллиондой бактериалдык клетка бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!