Жакында жаңы үлгүдөгү iPhone көрсөтүлөт

Жакында жаңы үлгүдөгү iPhone көрсөтүлөт
28-Авг. 2018, Шейшемби, 13:40

“iPhone” компаниясы жаңы үлгүдөгү уюлдук телефонду жакында көрсөтмөкчү. Бул тууралуу “Европа1” радиостанциясы кабарлады.

Аталган жаңы смартфондордун бет ачар аземи 12-сентябрда “Стив Джобс” кинотеатрында болмокчу. Каалоочулар үчүн алдын ала буйрутма берүү 14-сентябрдан баштап кабыл алынат.

Эскерте кетсек iPhone компаниясы жаңы чыккан уюлдук телефондорду жыл сайын 7-сентябрдан 12-сентябрга чейин жарыялап келет.

Мында аталган компания айфондун үч жаңы түрүн, акылдуу сааттарды жана жаңы iPad Proну сунуштамакчы.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР