Телефон көз карандылыгынан арылуунун үч жолу

Телефон көз карандылыгынан арылуунун үч жолу
4-Сен. 2018, Шейшемби, 13:57

1.Эң алгач телефонуңуздагы программалардын бардыгын өчүрүүдөн баштаңыз. Менин Айфонум бүтүндөй өзүнө тартып алып, балдарыма да аз көңүл буруп калдым эле. Бул көрүнүштү өзүм да баамдап, андан арылуунун жолун издей баштадым. Ошентип телефонумдагы: Twitter, Facebook, Instagram, Youtube жана Gmail программаларын өчүрдүм. Албетте, алгач өзүмдө кайра эле көчүрүп алам деген ишенбөөчүлүк пайда болду. Бирок, андан бери алты жыл өттү. Ал программалар дале болсо менин телефонумда жок, деп айтат Гуглдун эски дизайнер кызматкери Jake Knapp.


2.Уюлдук телефонуңузду башка көлөмдүү техникалык каражаттарга алмаштырыңыз. Мен телефондо канчалык убакыт коротконумду билүү үчүн, уюлдук телефонумду iPad mini 3G менен алмаштырдым. Албетте мында деле Айфон сыяктуу бардык функциялар бар. А бирок түшкү тамактануу учурунда аны колдонуу бир топ эле ыңгайсыздык жаратты. Ошентип, убактымды туура пайдалана баштадым. Андан кийин Instagram жана Twitterди дагы өчүрдүм, деп айтат технолог Michell Zappa.


3. Телефондогу учак режимин колдонуу. Ошентип мен дагы Инстаграмм баракчасын өчүрдүм. Бул да болсо мен үчүн абдан чоң сыноо эле. Уюлдук телефонумду кечкисин учак режимине коюп койдум. А бирок эртеси кайра эле Инстагарамм баракчасын жүктөдүм. Себеби, кыз досум сен мен жиберген каттарды, белгилерди окубай жатасын, деп айта берди. Азыр деле кечкисин учак режимин колдономун, деп айтат социалдык кызматкер John Converse Townsend.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!