Дүйнө боюнча 11-октябрь күнү интернет үзгүлтүккө учурайт

Дүйнө боюнча 11-октябрь күнү интернет үзгүлтүккө учурайт
8-Сен. 2018, Ишемби, 15:07

Адистер бир айдан кийин, тактап айтканда 11-октябрь күнү интернет иштен чыгышы мүмкүн деп жатышат. Бул тууралуу “nur.kz” сайты билдирет.

Бул абалды домен менен “IP” адрестерди башкаруучу корпорация өкүлдөрү тарыхта алгачкы жолу криптографиялык ачкычттарды алмаштыруусу менен байланыштыруушуда. Буга байланыштуу “ICANN” желе колдонуучуларына эскертүү жасады. Андан улам дал ошол күнү адамдар интернетке, түрдүү сайттар менен браузерлерге кире албай калуулары мүмкүн.

Адистер мындай акыбал болгону бир күн гана болоорун айтышты. Ошону менен бирге алар криптографиялык ачкычтарды алмаштыруу күнү өзгөрүшү да мүмкүн экенин маалымдашты. Аталган күндү корпорация өкүлдөрү 12-сентябрда маалымдайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!