Интернет-сайттар маанайыңызды биле алат

Интернет-сайттар маанайыңызды биле алат
11-Сен. 2018, Шейшемби, 11:43

Профессор Джеффри Дженкинс жүргүзгөн изилдөөнүн натыйжасы боюнча, маанайы жок, таарынган же болбосо ачууланып отурган адам компьютердин чычканын (мышка) калыптуу жагдайга караганда жай кыймылдатаары белгилүү болгон. Курсордун белгилүү бир сайтка кирип, кыймылы аркылуу жасалган алгоритм боюнча, адамдын эмоционалдуу абалын билсе болот.

«Бул технологиянын жардамы менен сайттар акылдуурак болот”,-дейт окумуштуу. “Алар сизге жалаң гана маалымат берип койбойт, сизди «сезе» алат. Бул сайт жумушчуларга жардамын тийгизет».

Аталган система чычкан менен гана иштеген компьютерлер менен ноутбуктарга жасалган. Алдыда бул системаны смартфондордо да колдонуу пландалып жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!