АКШда учуучу унаалар сатылууда

12-Апр. 2017, Шаршемби

“SkyRunner” компаниясы учуучу унааны сатыкка чыгара баштады. Ал белгилүү бир аймакта гана уча алат. Бул тууралу “Naked Science” “Aviation Week” сайтына шилтеме берип кабарлады.

Азыркы күндө учуучу унаа чыгаруу боюнча бир нече компания иш алып барууда. Бул транспорт унаалары тийиштүү алыс эмес аймактарда учууга сертификацияланып, жолдордо да айдоого ыңгайлаштырылып жасалды. Бул жол тыгындарын алдын алуу максатында да иштелип чыккан.

Жаңы “SkyRunner” унаасы спортсмен-учкучтарга арналган жана сырткы көрүнүшү арабага окшойт. Ал көмүртек пластмассасы менен капталып, батпирек орноштурулган. Унаа эки кыймылдаткычка ээ: Rotax 914UL жана Polaris.

Бул транспорттун учуусу үчүн узундугу 138 метрлүү жер тилкеси керектелет. Абада “SkyRunne” унаасынын ылдамдыгы саатына 66 километрге чейин жетет. Унаанын баасы 139 миң долларды түзөт.

Ушул сыяктуу унааны чыгаруу боюнча француз компаниясы “Vaylon” да иш алып барууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!