“Samsung Galaxy S10+” смартфону кандай болот?

“Samsung Galaxy S10+” смартфону кандай болот?
15-Ноя. 2018, Бейшемби, 11:37

Интернет тармагында жаңыдан чыккан “Samsung Galaxy S10+” смартфонунун сүрөттөрү пайда болду. Муну белгилүү инсайдер Бенджамин Гескин “twitter” тиркемесиндеги баракчасына жарыялаган.

Туштүк кореялык компаниянын жаңы өндүрүшү 2019-жылдын башында чыгат. Жаңы смартфон инсайдер жарыялаган сүрөттөрдөгүдөй болушу мүмкүн.

Смартфондун бети толугу менен дисплей болот. Капталдары болбойт. Алдыңкы камерасы менен манжа изине арналган баскыч дисплейде болот деп күтүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!