Кытай Айдын картасын иштеп чыгат

20-01-2017

Кытайлык илимпоздор 1:2/ 5 миллион өлчөмдөгү жаңы Айдын картасын түзүүнү пландашууда.

Кытай Ай изилдөөчүлөрүнүн башчысы Оуян Цзыюань, беш университеттин биргелешип иштөөсү менен Айдын географиялык картаcынын санариптик түзүлүшүн чыгарат. Узундугу 4,36, туурасы 2,2 метр болгон бул иш кийинки жылдын аягында бүтүшү күтүлүүдө жана 2020-жылы сатыкка чыгат.

Анда Айдын көрүнүшү жана түзүлүшү сыяктуу бетиндеги бир топ географиялык айырмачылыктар картада чагылдырылышы белгиленди. Кытай окумуштуулары көрүнүштү спутниктен орбитага жөнөтүп турууну көздөшүүдө. Айдын географиялык картасын түшүрүү жердин картасын түшүрүүдөн оор жана машакат иш экендиги айтылууда.

Өлкө, космостук аппарат “Чанъэ-5” бул жылдын аягында учурууну пландоодо. Миссиянын негизги милдети - спутник долбоорунун үчүнчү этабы болгон айдагы топуракты изилдөөнү ишке ашырмакчы.

АКШ жана Советтер Союзунан кийинки эле Айдын бетине изилдөө жүргүзгөн өлкө Кытай болуп саналат.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!