“Facebook” жасалма интеллект системасын өчүрдү

2-Авг. 2017, Шаршемби

“Facebook” компаниясынын жетекчилиги машиналардын бири-бири менен адам түшүнбөгөн тилде сүйлөшө баштагандан кийин, жасалма интеллект системасын өчүрүүгө мажбур болду. Бул тууралуу “ВВС” маалымдады.

Алгач адамдар менен байланышуу үчүн түзүлгөн чат-бот системасы кийин бара-бара бири-бири менен сүйлөшө баштады.

Башында алар англис тилинде сүйлөшүшкөн, бирок, бир учурда өздөрү түзгөн программанын өнүгүсүү менен иштеп чыккан тилде жазышып башташкан.

Америкалык маалымат каражаттарында виртуалдуу маектин үзүндүлөрү жарыяланган:

Жасалма интеллект системасы “колдоо” приципине таянат, тагыраак айтканда аларга "пайда" алып келгенче иш алып барат. Белгилүү бир убакытта алар операторлордон англис тилинде колдоо белгисин ала алышкан жок, ошондуктан өзүлөрүнүн системасын куруу чечимин кабыл алышкан.

Алгач роботтордо тил тандоодо чектөө болгон эмес, ошондон улам алар акырындан англис тилине караганда жеңил жана оңой сүйлөшүүгө өз тилдерин ойлоп табышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!