«MSI AP16 Flex»ти планшет катары

4-Авг. 2017, Жума

«MSI» компаниясы «бардыгы бир өзүңдө» компьютерлер тобун 15,6 дюймдук сенсорлу экран менен жабдылган «АP16 Flex» модели менен толуктады.

Моноблокто убакыт тактыгы 2,0 Ггцтик (2,41 Ггцке чейин көтөрүлөт) төрт эсептөө ядросу бар «Intel Celeron J1900» процессору колдонулган. «TDP» көрсөткүчү 10 Вт болуусунун аркасында чипке жөнөкөй муздатуу системасы жетиштүү.

Анын дисплейинин өлчөмү 1366 × 768 пикселдүү. Мындагы атайы компьютер кармагычы кадимки десктоп катары же болбосо үстөл үстүндөгү планшет түрүндө пайдаланууга мүмкүндүк берет. Моноблок 10 пунктуу мультитач-интерфейсти колдойт.

«AP16 Flex» курамына 4 Гбайттык тез эс тутум (8 гбка чейин кеңейет), сыйымдуулугу 64 Гб флеш-модуль, 2,5 дюймдук 500 Гбтык каттуу диск, Wi-Fi 802.11 b/g/n менен Bluetooth 4.0 зымсыз байланыш адаптырлары, 2 мпдик веб-камера жана кардридер кирет.

Моноблок компьютерге «Windows 8.1» операциялык системасы жүктөлгөн. Баасы азыр белгисиз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!