“WhatsApp”тын биз билбеген 10 сыры

7-Сен. 2017, Бейшемби

Бүгүнкү күндө смартфон колдонуучулары үчүн «WhatsApp», «Viber» тиркемелери жат эмес. Уюлдук телефондогу өз ара карым-катнаш орнотууга арналган «ватсап» тиркемеси дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдардын байланыш куралы болууда. Бирок, аз убакыт ичинде тез жайылган “WhatsApp”тын артыкчылыктарын көпчүлүк жакшы биле бербейт. Эгер сиз алардын катарында болсоңуз, бул материалдын сизге пайдасы тийип калаар.

“WhatsApp”тын кандай мүмкүнчүлүктөрү бар?

  • 1. Даректердин сырдуулугу

Жеке деректериңизди (профайл сүрөттү, статус, акыркы кирген убакыт) сырдуу калтыргыңыз келсе, меню панелиндеги «орнотууну» (настройки) басып, «эсеп жазуусундагы» (учетная запись) аккаунтту «приват» деп өзгертүңүз. Ал эми эгер, өзүңүзгө катыштуу баардык маалыматты толук жашырууну кааласаңыз, аккаунтту «эч ким» деп өзгөртүңүз.

  • 2. Колдонуучуга бөгөт коюу

Эгер «ватсапта» бир адам тынчыңызды ала берсе, аны жаап, бөгөт койсоңуз болот. Ал үчүн «орнотуу» – «аккаунт» – «сыр» – «приват» – «бөгөт коюуу» (заблокировать) амалы аркылуу ишке ашыруу керек. Ачылган терезеден «жаңысын кошуу» деген баскычты бассаңыз, уюлдук телефонуңуздагы баардык байланыш номерлери чыгат, ал жерден бөгөт коюууга керектүү номерди тандайсыз.

  • 3. Медиа файлдарды автоматтык түрде жүктөөнү алып таштоо

Саякатка тез-тезден чыгып тургандар, роуминг учурунда медиа файлдарды жүктөөнүн кымбат экенин жакшы билишет. Файлдарды автоматтык жүктөө опциясын алып таштоо үчүн: «орнотуулар» – «каттар менен коңгуроолор» – «медиа файлды автоматтык түрдө жүктөө» амалдарын орнотуу кажет. Ачылган терезеде «сүрөт», «аудио», «видео» деген үч багыт бар, ар бирине кирип, «эч качан» деген басууну басып чыгыңыз.

  • 4. Добуштук кабарландырууларды башкаруу

Добуштук кабарландырууларды алып таштоо үчүн «орнотуулар» – «кабарландыруулар» – "кабарландыруу жасоо” – «жок» деген амалды аткарыңыз.

  • 5. Уюлдук телефонуңузду жаңы номерге алмаштыруу

SIM картаңызды алмаштырган менен «ватсапта» жаңы аккаунт куруунун кажети жок. Бар болгону «орнотуулар» – «эсептик жазуу» (же болбосо аккаунт) – «номерди өзгөртүү» амалын жүзөгө ашырып, эскинин ордуна жаңы номерди терүү жеткиликтүү.

  • 6. Каттарды көчүрүү

Бул өтө пайдалуу кызмат, анткени ал аркылуу керектүү документтерди жоготуп албай, дал убактысында табууга мүмкүндүк берет. Ал үчүн «орнотуулар» – «чаттын орнотуулары» – «чатты резервдеп көчүрүү» амалын орундатсаңыз болду!

  • 7. Өчүрүлгөн каттарды кайра калыбына келтирүү

Байкоосуздан «ватсаптагы» каттар өчүп калса, кабатырланбаңыз, аларды калыбына келтирүүгө болот. «WhatsApp» ар дайым алардын резервдик көчүрмөсүн телефондун “MicroSD” картасында сактап жүрөт. Ал үчүн сизге ватсапты өчүрүп, аны кайра орнотуу кажет. Ошол кезде мессенджерден «каттардын тарыхын калыбына келтирүү» деген сунуш келет.

  • 8. Сырдуу сөз орнотуу

«WhatsApp» каттарын бөтөн бирөөлөр окуубасын десеңиз мессенджерге-сыр сөз орнотуңуз. Аны “ChatLock” кошумча программасынын жардамы менен ишке ашырууга болот.

  • 9. Ар түрдүү үлгүдөгү файлдарды жиберүү

«WhatsApp» тиркемесинде файл жиберүү боюнча чектөөлөр бар: файлдын көлөмү 15 Мб-дан ашпоосу керек, белгилүү гана бир типтеги файлдарды жиберүүгө болот деген сыяктуу. Ушуларды алып таштоо үчүн “CloudSend” кошумча тиркемени жүктөңүз.

  • 10. Керек эмес файлдарды өчүрүү

Мессенджерди көп пайдалангандардын смартфондору керек же керек эмес файлдар менен толуп калат. Керексиздеринен кутулуу үчүн “WCleaner for WA” программасын колдонуңуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!