Адам менен чогуу “өскөн” кийим чыкты

11-Сен. 2017, Дүйшөмбү, 15:24

“Британиялык ойлоп табуучу, адам менен бирге «өскөн» кийим жасап чыгарды”,-деп кабарлайт “BBC” маалымат кызматы.

Британдык дизайнер Райан Ясин бала менен чогуу кеңейип, чоңое бере турган кийим ойлоп тапты.

Кездеменин өзгөчө курамы балдарга кийимди алты айдан баштап үч жашка чейин кийүүгө мүмкүндүк берет. Ал баланын денесин желден коргоп, ным өткөрбөйт. «Өскөн» кийимди кир жуучу машинада да жууганга болот.

Ойлоп тапкыч ушул эмгеги үчүн Джеймс Дайсон атындагы сыйлыктын ээси аталды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!