Жаңы “iPhone X” тааныштырылды

13-Сен. 2017, Шаршемби, 12:35

Жаңы чыгарылышын жыл сайын тартуулап келген “Apple” компаниясы жаңы “iPhone X”ти эл алдына сунуштап, видео ролик көрсөтүлдү.

Жаңы түзүм чексиз экранга ээ болуп, ошону менен бирге 2436 1125 пикселдүү 5,8-дюймалык “OLED” дисплейи менен жабдылган.

Алдыңкы панелдин жогору жагында динамика, алдынкы камера жана сенсор үчүн слот бар. Ошондой эле жаңы смартфондо бет жүздү таануу технологиясы орнотулган. Смартфонго орнотулган нейропроцессор өз ээсинин келбетин караңгы жерден да танууга мүмкүндүк берет. Смартфон 3-ноябрдан тартып сатыкка чыгат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!