Жүзүңүздү 3D форматына алып келген технология

Жүзүңүздү 3D форматына алып келген технология
21-Сен. 2017, Бейшемби, 15:07

Жаңы «iPhone X»тин тушоо кесүү аземинде келбетти таануу функциясы иштебей койгонуна карабай, эксперттер акыркы гаджеттин функционалдуулугу тууралуу кортунду чыгаруу эрте деп белгилешүүдө.

“Apple” компаниясынын жаңы гаджетин вице-президент Крейг Федери тарабынан “Steve Jobs Theater в Apple Park” залында тааныштырылды. Бет ачаар аземинин учурунда Федери сенсациялык жаңылык болгон – “Face ID” функциясын тааныштырууга тырышты бирок, ал иштебей койгон.

Федерери жаңы функцияны тааныштыруу үчүн кошумча түзүмдү колдонууга мажбур болду. Анын айтымында, эгер сиз түзүмдү маска же болбосо фотосүрөт аркылуу ачууга тырышсаңыз, функция иштебейт. Себеби ал ээсинин көз карашынан тааныйт.

Буга чейинки манжа изин сканерлеген “Touch ID”нин ордуна, “Face ID” келбетти сканерлөө аркылуу кулпуланган түзүмдү ачуу функциясы келип чыкты. “Touch ID”нин параметрлери жаңы технологиядан алда кайда төмөн. “Apple” компаниясынын өкүлү презентация маалында, чабуулчу “Touch ID” бир учурда 50 миңге чейин алдоого болоорун ишендирди. Бирок “Face ID” ушундай аракеттердин миллионго чыкканда бир жолу гана бузулат.

“Face ID”-беттеги ар бир точка аркылуу ээсинин бетин окуп чыгат. Бул “Apple” компаниясына Тим Куктун “анимодзи” же болбосо анимацияланган эмодзи деп аталган дагы бир жаңы функцияны ишке ашырууга жардам берди. Жаңычылдыктын негизи мааниси, бул кээ бир эмодзилер мисалы, күчүк, түлкү же панда колдонуучунун кабакты бүркөөшүн, күлкүсүн, ирмеген эмоциясын “кайталоого” мүмкүн берет. Мындай анимодзилерди “iMessage” сыяктуу смс чаттарга жиберүүгө мүмкүн. Ал баарлашуууну дагы да кызыктуу кылууга жол ачат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!