Амстердамда "IBC 2017" көргөзмөсү өттү

22-Сен. 2017, Жума, 14:25

Ушул жылдын 15-сентябрындан тартып Амстердам шаарындагы “RAI” көргөзмө ортолугунда “IBC 2017” көргөзмөсү өттү. Ал Европадагы эң эле ири телерадио берүү тармагындагы технологияларга арналган иш-чара болуп саналат.

Быйыл да өткөн жыл сыяктуу, көргөзмөнүн жалпы аянты 14 тематикалык бөлүктөргө бөлүнгөн. Алардын катарында аудио жана видео технологиясы, компьютердик техника, компьютердик желелер, желелик технология, музыкалык электроника, мультимедия, түзүмдөр жана программалык каражаттар, радио берүү технологиясы, сыналгы технологиясы, маалымат технологиясы, спутник технологиялары кирген.

Бир нече жылдан бери “Ultra HD / 4K” форматындагы индустрияны өнүктүрүү флагманы болуп табылды.

Кибер коопсуздук

Акыркы бир нече жылда каржы институттарынан тартып, балдар дүкөндөрүнө чейин баардык деңгээлдеги кесипкөйлөр, кибер чабуулдан коргонуу чараларына киришишти. Медиа-компаниялар да сыртта калган эмес. Баардык бул кооптонуулар жана атаандаштык ландшафтагы өзгөрүүлөр медиа-компаниялардын келечекте өнүүгүсүнө жолтоо болуп, аны чечүү үчүн болгон аракеттер көрүлүүдө.

Жасалма интеллект

Азыр жасалма интеллект тууралуу бир топ сөздөр айтылууда. Эртеби кечпи жасалма интеллект күнүмдүк медиа өндүрүш бөлүгү болуп кала берет жана анын белгилери байкалууда.

Быйыл Уимблдондо расмий социалдык программаларды башкаруу үчүн “IBM Watson” системасы сунуштаган даректер пайдаланылды. “Watson” мындан сырткары “Morgan” илимий - фантастикалык фильмине “Fox” студиясы тарабынан трейлер жасоо үчүн пайдаланылды.

Жыйынтыгында жогорку технологиялык областарда мурда-кийин кол тийгизбейт деп эсептеген жумуш орундарына өтө кооптуу абал жаралууда.

Эскерте кетсек, 1967-жылы қуралган “IBC” жыл сайын 130 өлкөдөн 1300ден ашык катышуучуларды тартат. Көргөзмө менен конференциянын уюштуруучулары жаңы чечимдерди көргөзүп гана койбой, ошондой эле сыналгы менен телекоммуникация базарындагы акыркы өндүрүштөр тууралуу долбоорлор менен семинарлар сериясын даярдайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!