Смартфон жойгон кызматтар

5-Окт. 2017, Бейшемби, 10:39

Ушудан он жыл мурун алгачкы “iPhone” ишке кирген. Ал бизидин күнүмдүк турмушубузга түрлүү өзгөрүш алып келди.

Карта менен жол шилтеме нускалары

Мурда адамдар чоң кагаз карталар менен жолдун багытын көрсөтүп берүүчү компастардын жардамына таянышчу. Азыр анын баардыгы кереги жок. “iPhone” смартфондорунда «Карта» кызмат системасы киргизилген. “App Store” интернет дүкөнүнөн жол шилтемелер түрлүү программаларды жүктөп алууга болот.

Таксафондор

Таксафондор атайы үйлөрдө, мекемелерде илинип турчу. Аларга тыйын салып, кийин карточканын жардамы менен чалуулар аткарылчу. Тез жардам, полиция менен өрт өчүрүүчүлөргө коңгуроо чалуу бекер мүмкүндүк бар болчу. Азыр да таксафон бар. Бирок, уюлдук телефон турганда, анын кереги деле калбай калды.

Сандык (цифровой) фотоаппараттар

Сандык фотоаппараттар ушудан он жыл мурда модалуу эле. Кийин кызматка “iPhone” келди да, бул куралды унутууга туура келди. Албетте, кесипкөй фотографтар системалуу жана күзгүсү бар фотоаппараттын жардамына таянышат. Бирок жөнөкөй калк үчүн смартфон ыңгайлуу.

Магнитофон

Айылда кече өткөрүү үчүн магнитофон таптыргыс каражат эле. Мисалы, «Электроника-302» жана “National RQ-185S”. Бүгүн музыка угуу үчүн магнитофондун кажети жок. Аны менен бирге кассеталар, “CD”, “MP3-плеерлер” менен “iPod” колдонуудан чыгып калды.

ТВ: аба ырайы

Мурда адамдар кечкисин эртеңки аба ырайын билүү үчүн атайы убакытты күтүшкөн. Эретең мененкисин да аба ырайыны дагы бир ирээт текшерип чыгуу үчүн, сыналгынын жардамына таянышчу. Бүгүн аба ырайын билүү үчүн сыналгы кереги жок.

Калем

Ушудан он жыл мурда ар бир адамдын чөнтөгүндө өзү менен бирге милдеттүү түрдө калем жүрчү. Анткени, ар бир убакытта дарек менен телефон жазууга керек болуп калчу. Ал эми азыр смартфонуңуздагы «эскертмелер» (заметки) программасын ача калсаңыз жеткиликтүү. 7. Гезит

Эгер ушудан он жыл мурда көп адамдын колунан гезит көргөн болсоңуз, азыр жаңылыктар үчүн смартфонуңуз болсо жетиштүү.

Телефон номери жазылган китепче

Азыр бул китепти смартфондогу «Байланыш» (Контакты) программасына алмаштырылган. 9. Пейджер

Алгачкы мессенджер десек да болот. Пейджердин жардамы менен добуштук кабарлар менен смс каттарды калтырууга мүмкүн болчу. Азыр смартфондун жардамы менен бл аракетти бир нече адамга колдоно аласыз.

Автожооп

Маанилүү коңгуроону жиберип албоо үчүн адамдар автожоопту колдонушкан.Эгер сиз бош боло албай же болбосо үйдө жок болгон кезде бул аркылуу добуштук билдирүүнү жазылып алынчу. Бүгүн бул кызмат “iPhone”дун кызматынын бирине айланды. Сиздин жашооңузда смартфондор колдонушка киргенден баштап эмне өзгөрдү?



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!