“Google” трансформер ноутбугун сунуштады

5-Окт. 2017, Бейшемби, 15:17

"“Google” АКШда жаңы фирмалык “Pixelbook” хромбукту таныштырды. Жаңы аппараттын калыңдыгы болгону 10 мм, ал эми салмагы – 1 кг”,- деп билдирет “life.ru”. Аппаратты классикалык ноутбук же болбосо планшет катары колдонууга болот.


Хромбук экранынын диагоналы 12,3 дюйм, “Quad HD LCD” колдойт. “Google” өкүлү Мэтт Вокоун белгилегендей түзүм “Core i5” же “i7” процессорлорунда базаланган. Конфигурациясына карай “Pixelbook” 8 ГБ оперативдик жана 128 ГБ бекитилген эс тутумду же 16/512 жабдылган.

“Pixelbook”, эгер “Wi-Fi” болбосо, интернетти смартфондон автоматтык түрдө пайдаланат. Мындан сырткары, ноутбукта эми “Google Assistant” бар жана ага пернетактада атайы жеке терүү караштырылган.

“Pixelbook” батарея менен 10 саатка чейин жумуш иштөөгө жетет, аны болгону 15 мүнөт заряддоо аппартты дагы эки саатка иштөөсүнө мүмкүндүк берет.

“Pixelbook” быйылкы жылдын 31-октябрынан баштап чыгарылат. Жаңы аппаратын баасы 999 доллар. Ноутбукка кошумча атайы “Google Pixel Pen” стилусу сунушталат, бирок аны 99 доллар өзүнчө сатып алуу кажет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!