“WhatsApp”тагы коркунуч

11-Окт. 2017, Шаршемби, 13:48

“WhatsApp”тын дагы бир кооптуу жагы табылды. Бул тууралуу “Lenta.ru” сайты жазып чыкты.

“WhatsApp” мессенджери кол салууну ойлогондорго колдонуучу кайсы убакта уйкуда жатып, кайсы убакта ойгонгондугу тууралуу так туура айтып бере алат.

Бул маалыматтар аккаунт ээлеринин көрүнүп турган онлайн-статусуна байланыштуу. Анткени сиз кызккан адамдын компьютери же смартфону бар болсо, анда андай маалыматка ар бир адам эчс кандай тоскоолдуксуз кол жеткире алат.

Буга чейин “Facebook” менен “Tinder” дейтинг-системасынын коопсуздугу тууралуу айткан программист Роб Хитон билдирди.

“Facebook” мессенджерм менен 2WhatsApp”та контактар тизмегиндеги адамдардын желеде акыркы жолу кайсы убакта болгонун көрүү мүмкүндүгү бар.

Мындай кабарды кол салууга аракет кылгандар тарабынан кандай максатта колдоноорун көрсөтүү үчүн программист “WhatsApp”дагы контактардын онлайн-режимин автоматтык түрдө жазып турчу “Chrome” браузеринде атайы талдоо жүргүзгөн. Бул даана бир адамга тийиштүү күн тартибин аныктоого мүмкүндүк берген.

Ошондой эле колдонуучулардын желеге кирген убакытын крап, контактагы адамдардын тизмесин кимиси бири-бири менен сүйлөшкөнүн да аныктоого болот экен. Эгер адам уйкусу бузулуп, өзүнүн контагындагы бир адамга кат жазуу үчүн желеге кирген болсо, анын кат алуучусу да жооп берүү үчүн интернетке чыгарыы белгилүү.

Роб Хитон болсо хакерлер ушундай маалыматтарды шериктештерине берүү мүмкүн экенин эскертет.

Хакерлер колданучулардын уктоочу убактысы тууралуу жыйнаган статистикалык маалыматтарды башка бир уюмдарга жарнамалык максатта сатуусу мүмкүн. Мисалы мындай даректерди өндүрүчүлөр уйкусуздук, башка дагы уйкунун бузулуусу сыяктуу түрлүү максаттарда уктаттуучу дары-дармектерди жана биокошулмаларды чыгарууга пайдаланат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!