“Apple” “iPhone”дун келечеги тууралуу айтты

12-Окт. 2017, Бейшемби, 17:03

“Apple”дин башкы дизайнери Джони Айв “iPhone X” менен бирге смартфондордун дизайнындагы жаңы доорду баштаганын айтты. Бул туралуу Япониянын “Brutus Casa” басылмасына маалымдаган.

«Мурда экран менен корпустун ар түрдүү компоненттери бардай сезилчү. Биз бул бөлүктөрдү бириктирүүнү кааладык. Көптөгөн жылдар бою жасалгаланган “iPhone X”ге карап, мен буга кол жеткизе алаарыбызга ишендим”, - деди Айв. - Бизде көптөгөн идеялар бар жана биз алардын үстүндө иштеп жатабыз. Бул “iPhone”дун аякталышы эмес, өнүүгүсү болуп саналат”.

Ошол эле учурда “Face ID”нин маанилүүлүгү тууралдуу айтып берди. Анын айтуусу боюнча, смартфон анын ээсин так тааный алат, бул көрүнүш мүмкүн болушунча жакшыртылат. “Apple” компаниясы бул функцияны колдонуучуга мүмкүн болушунча жумуш иштегенде көп билинбегидей кылабыз.

Жыйынтыктап отуруп Айв “iPhone X”ти чыгаруунун түп нускасы “iPhone”дун 10 жылдыгы менен эч кандай байланышы жок экенин айтты. Ошондой эле ал түзүмдү кураштырып чыгаруу үчүн беш жылдай убакыт кеткенин белгиледи. Компаниянын түп нускасынын сырткы түзүлүшү жана функцияларынын кандай болоору тууралуу түшүнүк болгон, бирок алар ар дайым кыйынчылыктарга туш болуп келишкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!