Күндөн кубат алган отургучтар

18-Окт. 2017, Шаршемби, 16:15

Дубай полициясы жергиликтүү алты полиция бөлүмүнө «акылдуу» отургучтарды орнотту.

"Wi-Fi" жанан “USB” порт менен жабдылган «акылдуу» отургучтардын ар биринде эки заряддоочу станциясы менен “4G” программасы бар. Бардыгын батареялары күн энергиясынан кубат алат.

«Күндүн аптаптуу ысыгында отургучтар муздатып, ал эми караңгыда жарык чыгарып турат. Ошондой эле бул түзүмдөр полициянын маалыматтарын жеткирип, аба ырайы тууралуу кабарлайт», - дейт полковник Шейх Мухаммед Эл-Муалла.

Дубайда «Акылдуу шаар» долбоорунун алкагында бардык эмирликте ушундай «акылдуу» отургучтар орнотулат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!