“WhatsApp”ка жаңы функция кошулду

19-Окт. 2017, Бейшемби, 10:46

Жаңы функциянын жардамы менен колдонуучулар “WhatsApp”ка өзүлөрү тууралуу геомаалыматтарды жарыялай алышат.

«Геомаалымат-бул сиздин кайда тургандыгыңызды билдирүүчү жөнөкөй курал. Сиз досторуңуз менен кездешүү үчүн же болбосо өзүңүздүн кайда жүргөнүңүздү билгиңиз келсе бул функция жардамга келет. Аталган кызматтын түрү шифрланган жана сиз мындай маалыматты ким менен бөлүшкүңүз келсе өзүңүз белгилейсиз. Ошондой эле геомаалыматты каалаган учурда күйгүзүп, өчүрө аласыз», - деп жазылган мессенджердин өз блогунда.

Геомаалымат функциясын кошуу үчүн сизге керек адамдын же топтун “WhatsApp”тагы пикир алышуучу баракчасына киресиз. Ошондон кийин «кошуу» функциясын басып, «турган жерди» тандап «геомаалымат менен бөлүшүү» деген баскычты ачасыз. Ал жерден өзүңүздүн кайда жүргөнүңүздү белгилеп, ал маалыматты канча убакытка чейин жарыялагыңыз келерин тандайсыз. Эгер геомаалыматты бир нече катышуучу белгилесе, анда алардын турган жери картада көрүнүп турат.

“WhatsApp”ты түзүүчүлөрдүн маалыматына караганда, геомаалыматтар функциясы жакынкы күндөрү “Android” жана “iPhone” смартфондоруна кошулат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!