Учак жүргүнчүлөрү үчүн күтүүсүз “Galaxy Note 8” белек болду!

25-Окт. 2017, Шаршемби, 12:48

"Samsung” компаниясы Испанияга учуп бара жаткана учактагы ар бир жүргүнчүлөрү үчүн “Galaxy Note 8” смартфондорун белеке берди.

“Samsung” өткөн жылдан бери “Galaxy Note 7” смартфону өзүнөн-өзү күйүп кеткендигине байланыштуу компания кардарларынан көп жолу кечирим сурады. Маалымат жыйындар, жарнамалык иш-чаралар аркылуу “Samsung” баардык мүмкүндүктү колдонуучулардын көңүлүн калтыргандыгына капаланып жатканын билдирген.

Ошого байланыштуу “Samsung” испан колдонуучуларды “Note” сериясына кайра кошуу үчүн чоң белек жасады. “Iberia Airlines” аба каттамынын “IB 0513”догу Ла-Корунадан Мадрид-Бараджасага чейинки жургүнчүүлөр үчүн жагымдуу жана коопсуз саякат гана эмес, “Galaxy Note 8”ге ээ болушту. “Galaxy Note 8” флагмандык смартфону 64 Гб турактуу флэш-карт менен модификациялоого бекер ээ болушту. Смартфондун баасы АКШда 949 доллар турат.


Расмий “Twitter”деги баракчасында Түштүк Кореялык “Samsung” корпорациясы бул акцияны «”Samsung”да кулагандан кийин гана учуп кетпей калкууга үйрөнөбүз!»,-деген билдирүү калтырган.

Бул белектер мамлекет тарабынан эмес, “Samsung” учак жүргүнчүлөрүнө толугу менен өз демилгеси боюнча таратып берди. Балким, автобус менен бара жатып сиз дагы мындай күтүлбөгөн белекке ээ болорсуз. Балким...

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!