“iPhone X” үчүн жумушунан кол жууду

30-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 11:35

“Apple” компаниясынын кызметкери смартфон сатыла электен мурда “iPhone X”ти тарткан видеосу үчүн жумуштан бошотулду. Ал эми бул видеону анын кызы социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялаган. Блогер Брук Петерсон бул жол менен атасы компаниянын эрежелерин бузганын түшүндүрдү.

Кыз жаңы ролигинде айткандай, ал өзүнүн видеосу мынчалык белгилүү болоорун күткөн эмес. Анда, ал жаңы “Apple” кампусунда “iPhone X”ти көрсөткөн жана ал анын атасынын смартфону экенин айткан. Ал “Apple”дын талабы боюнча видеону өчүргөнүн билдирген. Андан кийин, Бруктун атасы корпорациядан жазуу түрүндө кечирим сурап, жумуштан бошотулган.

Ал эми блогер кыз бул чечим адилетсиз деп эсептейт. Анын айтуусу боюнча, “YouTube”дан “iPhone X” тууралуу көптөгөн видеолорду таба аласыз жана анын видеосу алардан өзгөчө эмес.

Өз кезегинде, “The Verge”нин маалыматы боюнча, Питерсонду “QR-коддору” жана видеодо көрсөтүлгөндөй түзүмдүн үлгүлөрүнүн коддору боюнча жумуштан чыгарылган деп эсептешет. Ошону менен катар, “Apple” кампусунда видеого же сүрөткө тартууга катуу тыюу салынат.

Корпорация кызматкеринин жумуштан чыгарылгандыгы тууралуу маалымат берген жок.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!