“WhatsApp” каттарды артка кайтарат

1-Ноя. 2017, Шаршемби, 10:49

“WhatsApp” жаңыртылган жаңы мүмкүндүктөрдү ачууну улантууда.

Узак убакыт бою бул мүмкүнчүлүктү пайдаланбаган тиркеме күтүлгөндөй жаңы функцияны чыгарды. Эми жарыяланган жаңы функция менен колдонуучулар азыртадан баштап туура эмес жөнөткөн катты өчүрө алышат. Бул колдонуучуларга жиберилген кабарды жоюга мүмкүндүк берет. Ошондуктан колдонуучулар алгач жиберген кабарды басуусу керек. Кийин “артка кайтаруу” (отмена) баскычын басуу менен кабарды артка алышат.

Кээ бирөөлөргө жеткиликтүү болгон бул мүмкүнчүлүктөн алдынкы күндөрдө баардык колдонуучулар пайдаланат. Колдонуудан баш тартуу мүмкүнчүлүгү аркылуу кабар алмашуу экранында жиберилген кабарды кайтарууга шарт түзүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!