"HTC" смартфонду тунук кылып жасады

2-Ноя. 2017, Бейшемби, 13:49

Бүгүнкү күндө “HTC” эки жаңы смартфондорун сунуштады. Алардын бирөө тунук корпустуу. “HTC U11 Plus” жана “HTC U11 Life” сыяктуу баардык техникалык сыпатамалары менен өзгөчө дизайны эми сыр эмес. Тушоо кесерге чейин бир күн мурда шведердик “Blick” басылмасы “Facebook”дагы түз эфирде чыгарууга даярдалып жаткан смартфондорго кыскача презентация жасады.

Азыркы учурда видео каналдан өчүрүлдү, бирок аны көчүрүп алып скриншотторду жарыялап жатышат. Флагмандык “HTC U11 Plus” смартфону видеодо көрүнгөндөй рамкасы жок дизайнга жана тунук корпуска ээ болгон. Ошондой эле эки түзүмдүн башкы өзгөчөлүгү “HTC”тин сенсорлуу рамкалуу копусу “Sensor” менен жабдылган. Смартфон катуу кысып кармоо менен өз ара байланышты түзүгө мүмкүндү берет.

https://player.vgtrk.com/iframe/video/id/1729227/s...

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!