Дүйнөдөгү эң чоң кубаттоо комплекси ачылды

3-Ноя. 2017, Жума, 09:40

“Tesla” компаниясы дүйнөдөгү эң чоң кубаттоо комплексин Кытай жергесинде ачты. “Supercharger” деп аталаган станция Шанхайда орун алган жана бир убакта жүз автоунааны кубаттоого мүмкүндүк берет.

Шанхайдагы “Lilac International” бизнес борборунун жер астындагы паркингинде 50 “Supercharger” кубаттоо станциясы жайгашкан. Анын ар бири эки автоунаага кызмат көрсөтөт. Кубаттоо станциясы жети күн бою үзгүлтүксүз иштейт.

Буга чейинки “Supercharger” желесиндеги эң чоң кубаттоо комплекси Норвегияда ачылган. Анда 20 кубаттоо станция бар. Азыр Калифорнияда 40 орундук комплекс салынып жатат.

Бүгүнкү күндө дүйнө боюнча “Supercharger”дын 1032 станциясы бар. Аларда 7 миң 320 кубаттоо точкасы бар. Алар Түштүк Америкада, Европада, Азия менен Австралияда орнотулган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!