“iPhone X”ти ким шылдыңдады?

8-Ноя. 2017, Шаршемби, 09:57

“Samsung” компаниясы “Galaxy” смартфондорун байланыштырып, жарнамалык ролик чыгарды. Бул тууралуу “24tv.ua” маалымат булагы кабарлады.

Роликте “iPhone”дун көйгөйлөрү көрсөтүлгөн. Бул аркылуу компания “Samsung”дун гаджетин сатып алууга үндөйт.

Видеодо көрсөтүлгөндөй, жаш жигит 2007-жылы алгач ирээт “iPhone” сатып алат. Бирок сүрөт тарткан кезде анын эс тутуму толуп калат. 2013-жылы кайрадан стилусы жок “iPhone 5s” алат. Ал 2016-жылы алган “iPhone 6s” смартфонуна суу кирип кетет. Андан кийин баш каарман “iPhone 7” смартфонуна өтөт. Бул жолу смартфондун кубаты тез эле өчүп калып, фильм көргөндө наушник менен кубаттагычты пайдаланууга туура келет.

Аягында ал “Samsung Galaxy Note8”ди тандайт. Видеонун соңунда өзүнө керегин тапкан жигит “iPhone X” смартфонун сатып алуу үчүн кезекте турган адамдардын жанынан мурдун чүйрүп, жактырбагандай кейип таанытып өтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!