Смартфонду колдонуудагы коопсуз убакыт

20-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 10:55

“Күнүнө беш сааттан ашык смартфон колдонгон жаш өспүрүмдөрдө депрессия же болбосо өз-өзүнө кол салуу коопчулугу жогору. Ал эми жаман маанай менен гаджетти пайдалану убакыт ортосундагы байланыш көпчүлүк учурда кыздарда айкын байкалган. Бул жыйынтык америкалык окумуштуулардын 506820 адамдан алынган социалдык сурамжылоонун негизинде жасалды”,- деп жазат "Clinical Psychological Science!”.

Изилдөөчүлөр «Monitoring the Future» жана «Youth Risk Behavior Surveillance System» системасы сыяктуу сурамжылоолордун даректерин пайдаланышты. Аларга 13төн 18 жашка чейинки америкалык мектеп окуучулары катышкан. Анда депрессияга канчалык тез кабылышаары тууралуу суроолор коюлду. Ошондой эле жаш өспүрүмдөр күнүнө электрондук түзүмдөрдү канча убакыт пайдаланышаарын айтып беришкен.

Окумуштуулар аныкташкандай, жаш балдардагы депрессиянын тез өсүүсү жана өз-өзүнө кол жумшоо көрсөткүчтөрү 2010-жылдардан башталган. 2015-жылы депрессиянын симптомдорунун жогорку деңгээли адамдарда 2010-жылга караганда 33 пайызга көп катталган.

Күнүнө беш сааттан ашык смартфондорду же болбосо планшеттерди пайдаланган жаш өспүрүмдөрдүн 48 пайызында суицид аракетттери менен байланыштуу кем дегенде бир симптом табылды. Гаджеттерди күнүнө бир сааттан азыраак колдонгондордун ичинде мындай белгилер болгону 28 пайызында гана байкалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!