Домен жана хостинг деген эмне?

21-Ноя. 2017, Шейшемби, 11:53

Домен деген, колдонуучулар сиздин сайтыңызга өтүүчү шилтеме. Мисалы, мына сайттын домени zaman.kg болуп саналат. Сайтыңызга сиз каалаган аталыш тандап коё аласыз. Домен болушунча кыска, окууга оңой, бир сөздөн турганы оң.

Жакшы тандалган доменди сатууга да болот. Мисалы, Россияда “vodka.ru” деп аталган домен миллион рубльга сатылган. Биорк, мындай ийгиликтүү келишим жасоо үчүн өз карамангыңызда 500, керек болсо 1000 доменди сактап коюу кажет.

Хостинг деген эмне?

Хостинг (англ. hosting) — ар дайым желеде болгон серверге маалымат орноштуруучу кызмат. Эгер, домен сайттын аталышы менен дареги гана болсо, домен сайттагы болгон кабарды сактоочу жер болуп саналат. Бир сөз менен айтканда, батир жалдоо. Акчасын төлөп, тура берүүңүзгө болот.

Хостинг 2 түрдүү болот:

Бекер хостинг. Бул сайттар сизге бекер домен берет. Алардын арендага алуулары төмөндөгүчө болот: ucoz, gtalk жана башка. Сайтты бекер орноттуңуз, бирок толугу менен бекерби? Хостер сиздин уруксатыңызсыз бекер, баарын чарчаткан жарнама коёт. Сайт узак жүктөлгөндүктөн, баардык колдонуучуларды жоготуп алуу коркунучу бар!

Сайт кээде ачылбай калуусу да мүмкүн. Сиз муну менен эч нерсе иштей албайсыз, себеби, башында провайдердин баардык шарттары менен келишкенсиз. Мунун баары сайтыңызды провайдердин шартын бузганыңыз үчүн жоюп жиберерин эскерсек, анын жанында эчтеке эмес болуп калат.

Бекер хостингте акча табуу мүмкүн эмес. Себеби, эч ким бекер хостингке жарнама бербейт.

Бекер хостинг ким үчүн болот?

Эч ким үчүн дейт элек. Бирок, ар ким өзү үчүн жооп берүүсү кажет. Бекер хостинг сабак алуу үчүн, тажрыйбадан өтүү үчүн керек. Бирок, бул да убакытты бекерге өткөрүү болуп калат. Андан көрө акы төлөнүүчү хостингтен 250 сомдун тегерегинде сатып алып, өз ишиңизге олутуу киришкениңиз туура.

Акы төлөнүүчү хостинг– бул жерде баары так жана даана. Сиз акча төлөп, хостер серверинде өз сайттарыңызды орноштурасыз. Хостингде эч кыйынчылыксыз сайтыңызды заманбап түрдө иштете аласыз (WordPress, Joomla). Күнү-түнү техникалык көзөмөл, резервтик сактоо жана көмөк көрсөтүү менен камсыз кылынат. Сиз тандаган пакет түрүнө байланыштуу бир хостингте 2-30 чейин сайттар караштырылат. Сайт түрдүү багытта жумуш иштей алат. Блогтон баштап, сүрөттөр турган сайтка чейинки аймакты кароого болот. Ал үчүн программист болуунун да кажети жок.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!