“iPhone”догу «і» тамгасы эмнени билдирет?

24-Ноя. 2017, Жума, 14:10

1998-жылы “iMac” дүйнөгө сунушталгандан бери кичине тамга менен жазылган «і» “Apple”дин бир бөлүгү болуп келет. Мүмкүн, бул – дүйнөдөгү эң белгилүү тамгалардын бири чыгаар, бирок көпчүлүк бул тамганын эмне маанини түшүндүрөөрүн биле беришпейт. “iPhone”догу «і» тамгасы телефондун өзгөчөлүгү болуп саналат. «і» тамгасынын негизги мааниси – «internet».

Стив Джобс алгач компьютерди дүйнөгө сунуштаганда: «Биздин максатыбыз дүйнөдө номер биринчи компьютер жасап чыгаруу жана «і» тамгасынын мааниси биринчи дегенди билдирсин дегенбиз», –деген ал ошол убакта өз сөзүндө.

Стив Джобстун айтуусу боюнча, «і» бул интернет жана номер бир дегенди гана билдирбейт. Дүйнөгө алгач сунушталган маалда «і» тамгасындагы бир нече сөз колдонулган (internet, individual, instruct, inform, inspire) интернет, индивид, үйрөтүү, маалымдоо жана дем берүү.

«і» тамгасы биз үчүн башка дагы маанини билдирет деген Стив Джобс. «Биз – компьютер чыгаруучу компаниябыз, ошондуктан биз үчүн бул билим дегенди да түшүндүрөт. Себеби көптөгөн колдонуучулар өз компьютери аркылуу интернетке кошулуп билим, маалымат алуу иретинде пайдаланат”.

«і» тамгасы азыркы маалда эң белгилүү брендге айланган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!