2017-жылдын мыкты смартфондору

27-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 10:33

“TechRadar” басылмасы 2017-жылы чыгарылган мыкты смартфондордун рейтингин түздү. Журналдын сайтына эң жакшы делген топ-15 гаджеттер жарыяланган.

Биринчи жана экинчи орунга түштүк кореялык “Samsung” корпорациясынын жаңы чыккан — “Galaxy S8” жана “Galaxy S8 Plus” смартфондору ээ болгон. Эксперттер бул гаджеттердин камерасынын сапатына, тез иштөөсүнө жана дизайнына карата эң жакшы деген баасын беришкен. Үчилтикке ошондой эле “Google Pixel 2” түзүмү да кирип, «базардагы эң мыкты камера жана дисплей» деген баага татыды.

Таң калыштуусу “Apple” компаниясынын өндүрүмдөрү бул эң мыкты үчилтик тизмекке кирген эмес. Төртүнчү орунга ээ болгон “iPhone X” смартфонун журналисттер “өтө кымбат” деп сынга алышып, анын “жалтырак экранына жана күчтүү ички жабдыгы” баага арзыган.

“iPhone 8 Plus” түзүмү арттагы тогузунчу орунга ээ болуп, ага «зымсыз кубатандыруу, күчтүү батарея, эски дизайн жана кымбат” деген аныктама калтырышкан.

Мындан сырткары тизмекке “Huawei Mate 10 Pro”, “Samsung Galaxy Note 8”, “LG V30”, “LG G6”, “OnePlus 5T”, “Google Pixel 2 XL”, “Sony Xperia XZ Premium”, “HTC U11”, “iPhone 8”, “Honor 9” смартфондору илинген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!