Смартфондор “WhatsApp”тан баш тартууга мажбур

29-Ноя. 2017, Шаршемби, 12:47

2017-жылдын 31-декабрынан баштап көптөгөн эски операциялык системадагы телефон жана планшеттерден “WhatsApp” тиркемеси баш тартуусу мүмкүн. Бул тууралуу “daily.afisha.ru” мессенджердин расмий сайтына шилтеме жасап билдирет.

«Биз 2017-жылдын 31-декабрынан баштап “BlackBerry ОС” жана “BlackBerry”, “Windows Phone 8.0” жана андан да эски нускаларын, 2018-жылдын 31-декабрынан баштап “Nokia S40”, 2020-жылдын 1 –февралына баштап “Android” операциялык системасынын 2.3.7 нускаларынан баш тартабыз»,- делинген кабарда.

Кураштыруучулар жогоруда аты аталган платформалардын мессенджерди өнүктүрүүгө багытталган функцияларынын жок экенин айтышат. Мындан сырткары, аталган платформалар алдынкы убактарда да жаңыланбагандыктан, аларга “WhatsApp” тиркемеси таптакыр орнотулбашы мүмкүн.

«Эгер сиз да ушул телефондордун бирин колдонсоңуз, “ОС” системасын жаңылоого же болбосо “Android ОС 4.0+”, “iPhone iOS 7+” же “Windows Phone 8.1+” түзүмдөрүн тандоого кеңеш беребиз. Бир түзүмдө бир гана “WhatsApp” болушу керек экенин унутпаңыз. Азыркы учурда чатты бир платформадан экинчисине оодаруу мүмкүн эмес. Ошентсе да ушул чаттарды электрондук почта аркылуу жибергидей жасап жатабыз”,- делет маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!