«Nokia 9» январь айында сунушталат

5-Дек. 2017, Шейшемби, 10:09

“Nokia” мобильдик брендине ээ “HMD Global” фин компаниясы, кийинки айда “Nokia 9” флагмандык смартфонун эл алдына сунуштайт. “GSMArena” билдиргендей жаңы түзүмдүн тушоо кесери 19-январда өтөт.

Мындан сырткары, бир эле учурда “Nokia 8” түзүмүнүн 2-мууну дагы көрсөтүлөт. Бул эки аппарат кытай базарына ылайыкташтырылат. Алар атайы “Android” версия менен жабдыкталып, андагы онлайн-сервис жана “Google” тиркемеси жергиликтүү аналогдорго алмашылат.

Флагман эң кубаттуу “Qualcomm MSM8998 Snapdragon 835” процессорларунун бири (муну менен “Samsung Galaxy S8”, “Note 8” жана “HTC U11” мактана алышат), эки камералуу жана “IP67” сертификаты бар 18:9 аспекттикалуу 5,5 дюймдук “QHD” экраны менен жабдыкталган. 1 метр тереңдикке киргенден кийин кыска убакытка суудан жана чаңдан толук коргоого ээ. Наушникти кошуу үчүн эки аппарат тең 3,5 мм добуш порту менен чектелген.

Күтүлгөндөй “Nokia” 6 ГБ оперативдик эс тутум жана 64 Гб түзүмдүн ичине орнотулган эс тутумга ээ 6 999 юаньга (болжол менен 560 доллар) сатылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!