Жылдын мыкты тиркемелер рейтинги жарыяланды

7-Дек. 2017, Бейшемби, 11:50

“Google Play” 2017-жылдын эң мыкты тиркемелер рейтингин жарыя кылды. Бул тууралуу “vedomosti.ru” сайты маалымдайт.

Бул жылы “Android” үчүн эң мыкты тиркеме делип “Photo Lab” фоторедактору аталды. Аны 50 млн колдонуучу жүктөгөн. “Google Play” бул тиркеменин жүктөлүшүнүн себебин анын кооз дизайны, жаңыланып туруусу менен өзгөчө таанымалдуулугу менен байланыштырды.

“VK Live” эң мыкты көңүл көтөрүүчү тиркеме болуп таанылды. Ал да 2017-жылы көп жүктөлгөн тиркемелердин алдынкы сабына чыкты. “VK Live” тиркемесин 5 млн колдонуучу пайдаланат.

Ошондой эле, “BeepCar” системасы жол шерик издегендер үчүн мыкты социалдык тиркеме болуп калды.

Күндө өз ойлоруңузду сактап турууга мүмкүндүк берген эң мыкты жардамчы “Journey” күндөлүгү экени аныкталды.

Саякатчыларга арналган “Airbnb” системасы эң мыкты инновациялык тиркеме болуп чыкты.

Балдардын тандоосу менен көп суранышка ээ болгон «Астрономия от Star Walk» тиркемеси экен.

«Эң чоң жашыруун күч» номинациясын “Be My Eyes” тиркемеси жеңди. Анын жардамы менен ыктыярчылар ар түрдүү майыптарга: көзү начар көргөн адамдар менен видео байланыш орното алышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!